2024-ЖЫЛДЫН “МЫКТЫ МЕКТЕП АШПОЗЧУСУ” СЫНАГЫНЫН ТАНДОО ТУРУНУН БАШТАЛЫШЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

19 Июнь 2024 ж. 16:57

Көрүлдү: 1186

Пресс-анонс

post.title

Билим берүү жана илим министрлиги 20-июнда И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин базасындагы Республикалык компетенция борборунда 2024-жылдын “Мыкты мектеп ашпозчусу” сынагынын тандоо туру баштала тургандыгын маалымдайт.

Ошондой эле 20-июндан 17-июлг чейин жети облустун мектеп ашканаларында тандоо туру жүрөт. Катышуучулар 15 адамдан турган топтордо Кыргызстандагы мектеп тамак-ашы үчүн рецепттер китебинен экиден тамак даярдашат.

Быйыл сынакка катышууга 194 талапкер арыз берген. Арыздарды кабыл алуу 15-апрелден 25-майга чейин жүргүзүлгөн.

Сынак Билим берүү жана илим министрлиги, БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана Россиянын тармактык тамактануу институту менен биргеликте уюштурулган.

Белгилей кетсек, “Мыкты мектеп ашпозчусу” сынагы биринчи жолу 2019-жылдын ноябрь айында өткөрүлгөн. Жыл сайын өтүүчү бул конкурс Кыргызстандын бардык аймактарынан мыкты мектеп ашпозчуларынын башын бириктирет. Быйыл сынактын финалы ноябрь айында өтөт.

Убактысы: 2024-жылдын 20-июну, саат 10:00.

Жери: И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, Ч.Айтматов көчөсү, 66.

Байланыш: Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы Гүлмира Умөталиева, 0554 445566 / 0312 623591.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар