“ШЫБАКЧЫ” КЕСИБИ БОЮНЧА ВАЛИДАЦИЯ ЭКЗАМЕНИН 11 АДАМ ТАПШЫРУУДА

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

19 Июнь 2024 ж. 15:32

Көрүлдү: 386

19-июнда билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу “Шыбакчы” кесиби боюнча валидациянын башталышына катышты.

post.title

Расул Абазбек уулу былтыр Министрлер Кабинетинин чечими менен министрликтин алдында Сертификация жана валидация борбору түзүлгөнүн жана борбордун жумушунун маанилүүлүгүн белгилеп, ага чоң муктаждык бар экенин айтты. Ошондой эле ал статистика боюнча өлкөдө болжол менен экономикалык жактан активдүү калктын 60% формалдуу кесиптик билими жөнүндө документи жок экенин билдирди.

Бишкектеги курулуш, архитектура жана менеджмент колледжинде атайын комиссия 11 адамды “Шыбакчы” кесиби боюнча валидациядан өткөрүүдө. 

Кандайдыр бир көндүмдөрго ээ жарандар (ашпозчу, ширетүүчү, куруучу ж.б.) атайын комиссияга билген ишин практика жүзүндө көргөзүп, тапшырмаларды аткарып, адистигин тастыктаган сертификатын ала алышат.

Эки айдын ичинде 8 Алдыңкы тажрыйба борбору эң көп талап кылынган 10 кесип боюнча, андан ары 20дан ашык кесип боюнча квалификациясын тастыктоо үчүн баалоо жүргүзөт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар