ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА ЭЛ АРАЛЫК СЫНАКТА I ОРУНДУ АЛГАН ОКУУЧУГА ГРАМОТА ТАПШЫРДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

19 Июнь 2024 ж. 14:12

Көрүлдү: 1715

19-июнда билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева борбордогу №29 окуу-тарбия комплексинин 11-классынын бүтүрүүчүсү Амина Шайлообек кызына Министрликтин грамотасын тапшырды.

post.title

Грамота Амина Шайлообек кызына окуудагы ийгиликтери жана ар тараптуу өнүгүүсүндөгү жетишкендиктери үчүн берилди.

Амина Шайлообек кызы 2024-жылдын 22-26-апрелинде Екатеринбургда өткөн жаштардын XIV Евразиялык экономикалык форумуна катышкан. “Илимдеги дебют окуучулардын илимий-изилдөө иштеринин жана долбоорлорунун эл аралык сынагында “Социалдык-маданий байланыштар. Интеграция – өнүгүү – келечек” багыты боюнча 1-орунду алган. Сынакта ал “Кыргыз Республикасындагы үй-бүлөлүк зомбулук” темасында баяндама жасап, I даражадагы диплом жана “Евразия жылдызы” ардак белгисине ээ болгон.

Ураль мамлекеттик экономикалык университети тарабынан уюштурулган жаштардын XIV Евразиялык экономикалык форумуна 114 өлкөдөн жана Россиянын 81 аймагынан 17 миңден ашуун адам катышкан.

 

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар