“ШЫБАКЧЫ” КЕСИБИ БОЮНЧА КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ ВАЛИДАЦИЯЛООНУН БАШТАЛЫШЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

18 Июнь 2024 ж. 16:49

Көрүлдү: 350

19-июнда Бишкектеги курулуш, архитектура жана менеджмент колледжинде “Шыбакчы” кесиби боюнча көз карандысыз валидациялоонун ачылыш аземи өткөрүлөт.

post.title

Сертификациялык комиссиянын мүчөлөрү экзаменде жана практикалык тапшырманын жыйынтыгы боюнча талапкерлердин кесиптик стандартка ылайыктуулугун баалашат.

Министр Догдуркүл Кендирбаеванын, Билим берүү жана илим министрлигинин, Көз карандысыз сертификация жана валидация борборунун, “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун кызматкерлеринин катышуусу күтүлүүдө. 

Эки айдын ичинде 8 Алдыңкы тажрыйба борбору эң көп талап кылынган 10 кесип боюнча, андан ары 20дан ашык кесип боюнча квалификациясын тастыктоо үчүн баалоо жүргүзөт.

Регистрациянын башталышы: 2024-жылдын 19-июну, саат 9:00.

Жери: Бишкек ша., Лев Толстой көчөсү, 62. 

Байланыш: Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы Гүлмира Уметалиева, 0554 445566 / 0312 623591.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар