МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА ЮНИСЕФТИН ӨКҮЛҮ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

18 Июнь 2024 ж. 15:50

Көрүлдү: 328

18-июнда билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы жаңы өкүлү Самман Тапа (Samman Jung Thapa) менен жолугушту.

post.title

Жолугушууда министр Догдуркүл Кендирбаева “Алтын казык” билим берүүнү трансформациялоо программасы, анын ичинде балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну көбөйтүү аракеттери жана алдыда чогуу жасай турган иштер жөнүндө айтып берди.

Тараптар билим берүү тармагындагы кызматташтыкты бекемдөө үчүн биргелишип иштөө багыттары тууралуу пикир алышып, сунуштарды айтышты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар