МИНИСТР ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ДЕПУТАТТАРЫНА КАРАКОЛДОГУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН КУРУЛУШУНА ЖАНА ОҢДООСУНА ДАЛИЛДЕРДИ КЕЛТИРДИ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

14 Июнь 2024 ж. 16:41

Көрүлдү: 540

14-июнда министр Догдуркүл Кендирбаева Караколдо “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынын көчмө жыйынынын жүрүшүндө №15 Карга Мендегул уулу атындагы жалпы билим берүү мектебинин жаңы имаратынын долбоору жөнүндө айтып берди.

post.title

Министр жаңы имарат куруунун эки варианты, биринчиси 500 орунга ылайыкталып баасы 215 млн сом, экинчиси 750 орунга эсептелип баасы 450 млн сом экенин билдирди. Учурда мектепте 1200дөн ашуун бала үч нөөмөттө окуйт.
  
“Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын лидери Бактыбек Сыдыков баштаган депутаттар мектепти 5 жылдык перспектива менен куруу керектигин белгилешти.
 
Депутаттар ошондой эле 1000ден ашуун студент билим алган академик И.Ахунбаев атындагы медициналык колледжге барышты. Колледждин директору окуу корпусун жана колледждин жатаканасын капиталдык оңдоодон өткөрүү зарылдыгын белгиледи.
 
Фракция лидери Бактыбек Сыдыков капиталдык оңдоо маселеси тиешелүү министрликтердин өкүлдөрүнүн катышуусунда карала турганын билдирди.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар