КЫТАЙДЫН ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРЫНДА БИЛИМ АЛУУ ҮЧҮН ДОКУМЕНТТЕР КАБЫЛ АЛЫНУУДА

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

14 Июнь 2024 ж. 10:33

Көрүлдү: 1662

Кытай Эл Республикасынын Синцзян-Уйгур автономдуу районунун (СУАР) Элдик өкмөтү 2024-2025-окуу жылына карата Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Синцзян-Уйгур автономдуу районундагы (СУАР) жогорку окуу жайларында бакалавриат, магистратура, докторантура программалары боюнча билим алууга 125 стипендиялык орун бөлдү.

post.title

125 орундун ичинен Синцзян-Уйгур автономдуу районунун Элдик өкмөтү кытай тилин билбей туруп, тил такшалма жана бакалавр (1+4) программаларында окутуу үчүн 50 орун бөлдү. 
 
Стипендиялык программага катышуу үчүн талапкерлер http://student.edu.gov.kg/  онлайн системасында 2024-жылдын 25-июну саат 23:59га чейин “2024-2024-окуу жылына карата Кытай Эл Республикасынын жогорку окуу жайларына тапшыруу “КЭР Синцзян-Уйгур автономдуу районунун элдик өкмөтүнүн стипендиясы” программасы бөлүмүндө керектүү талааларды толтуруп, талап кылынган бардык документтерди жүктөө керек.
 
Системада ар бир окуу программасы боюнча каттоо талапкер тандаган билим деңгээлине (бакалавр, тил боюнча такшалма, магистратура жана докторантура) ылайык жүргүзүлөт.

Эскертүү! Толук эмес документтерди камтыган өтүнмөлөр автоматтык түрдө четтетилет!

Стипендиялык программага катышуу боюнча маалыматты иш күндөрү күн сайын саат 15:00дөн 17:00гө чейин (+996 312) 621519 номери аркылуу алсаңыздар болот. Ошондой эле программага катышуу боюнча суроолорду moin.mo@mail.ru  электрондук дарегине жөнөтсөңүздөр болот.

Толук маалымат – https://edu.gov.kg/announcements/407/

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар