МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА “МЕКТЕПТЕР 2030” ГЛОБАЛДЫК ФОРУМУН ӨТКӨРҮҮ ЭСТАФЕТАСЫН КЕНИЯГА ТАПШЫРДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

13 Июнь 2024 ж. 18:42

Көрүлдү: 1589

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Кения Республикасынын билим берүү министринин орун басары Саломе Майнага 2025-жылы “Мектептер 2030/ Schools2030” Глобалдык форумун өткөрүү эстафетасын тапшырды.

post.title

Министр Догдуркүл Кендирбаева форумдун катышуучуларына жана уюштуруучуларына КР Министрлер Кабинетинин, КР Билим берүү жана илим министрлигинин жана мугалимдердин атынан терең ыраазычылык айтып, ар бир баланын сапаттуу билим алышы үчүн биргеликте күрөшүүбүз керек деп белгиледи. Ошондой эле министр бул күндөрү жаңы досторду, тилектештерди жана замандаштарды тапкандыгын белгиледи.

Саломе Майна форум жогорку деңгээлде уюштурулгандыгын белгилеп, кыргыз элинин меймандостугун, жылуу мамилесин жана бай маданиятын эч качан унутпай тургандыгын билдирди. Буга кошумча ал форумдун жүрүшүндө өлкөлөр аралык терең пикир алышуу, талкуу жана тажрыйбалар менен алмашууга мыкты мүмкүнчүлүгүн түзүлгөнүн белгиледи.

Белгилей кетсек, 11-13-июнь күндөрү Бишкекте “Мектептер2030” III Глобалдык форумунда дүйнөнүн ар тарабынан келген 250 делегат мугалимдердин климаттын өзгөрүшүнө каршы туруктуулукту камсыздоодогу лидерлигин талкуулады.

Форум Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын 100 жылдыгына арналган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар