КАЗАКСТАНДЫН ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРЫНДА БИЛИМ АЛУУ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

13 Июнь 2024 ж. 16:50

Көрүлдү: 1633

Кыргыз Республикасынын жарандары Казакстан Республикасынын жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн сынактык тандоого катыша алат.

post.title

Казакстан Республикасы 2024-2025-окуу жылына карата төмөндөгү программалар боюнча квоталарды бөлдү:

* бакалавриат – 25 орун,

* магистратура – 20 орун,

* медициналык билим алуу (окуу мөөнөтү – 6 жыл) – 5 орун.

Сынакка катышуу үчүн талапкерлер http://student.edu.gov.kg/ сайтына катталып, талап кылынган тиешелүү документтерди 2024-жылдын 23-июну саат 23:59га чейин жүктөшү зарыл.

Документтердин толук пакетин камтыбаган өтүнмөлөр четке кагылат!

Маалымат алуу үчүн иш күндөрү саат 15:00дөн 17:00гө чейин төмөнкү номерлерге кайрылууга болот: +996 (312) 625082, 621519, 620497

Ошондой эле суроолорду moin.mo@mail.ru электрондук дарегине жөнөтүүгө болот.

Толук малымат https://edu.gov.kg/announcements/406/

 

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар