МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУНУН СЫНАГЫ: БОСОГО УПАЙДАН ӨТКӨН ТАЛАПКЕРЛЕРДИН ТИЗМЕСИ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

13 Июнь 2024 ж. 12:14

Көрүлдү: 2943

Билим берүү жана илим министрлиги 7-июнда өткөрүлгөн мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына компьютердик тестирлөөдө 48 талапкер босого упайдан өткөндүгүн маалымдайт.

post.title

Анын ичинде:

- Бишкек шаарында – 5,

- Ош шаарында – 1,

- Баткен облусунда – 5,

- Жалал-Абад облусунда – 8,

- Чүй облусунда – 7,

- Нарын облусунда – 4,

- Талас облусунда – 1,

- Ош облусунда – 12,

- Ысык-Көл облусунда – 5.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси – файл (пдф)

Сынакка катышуу үчүн республика боюнча жалпысынан 228 документ катталган. Жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгы боюнча 116 документ тестирлөөгө катышууга уруксат алып, 112 документ белгиленген талаптарга жооп бербейт деп табылган.

Белгилей кетсеек, тестирлөө Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологиялардын улуттук борбору тарабынан өткөрүлдү.

Республика боюнча ваканттык орундардын саны – 347 болчу.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар