МИНИСТР “МЕКТЕПТЕР2030” III ГЛОБАЛДЫК ФОРУМУНДА ЧЕТ ЭЛДИК ӨНӨКТӨШТӨРГӨ “АЛТЫН КАЗЫК” ПРОГРАММАНЫ ТААНЫШТЫРДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

12 Июнь 2024 ж. 18:14

Көрүлдү: 1671

12-июнда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева “Мектептер2030” II Глобалдык форумунда чет элдик өнөктөштөргө Кыргыз Республикасынын билим берүүнү трансформациялоо боюнча “Алтын казык” программасы менен тааныштырды.

post.title

Министр программанын багыттары, анын ичинде сапаттуу окуу чөйрөсүн түзүү, өлкөнүн туруктуу келечеги үчүн билим берүү системасын реформалоо, “жашыл көндүмдөргө” окутуу жөнүндө айтып берди. Ошондой эле Догдуркүл Кендирбаева балдарды эрте өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн өзгөчө белгилеп, бул үчүн өкмөт мектепке чейинки билим берүүнү камтууну көбөйтүү боюнча бир катар долбоорлорду ишке ашырып жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, 11-13-июнда “Мектептер2030” III Глобалдык форумунда дүйнөнүн ар тарабынан келген 250 делегат мугалимдердин климаттын өзгөрүшүнө каршы туруктуулукту камсыздоодогу лидерлигин талкуулоодо.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар