ЖРТга ЖЕТИШПЕЙ КАЛГАНДАР ҮЧҮН КАТТОО 19-ИЮНГА ЧЕЙИН ЖҮРГҮЗҮЛӨТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

12 Июнь 2024 ж. 15:10

Көрүлдү: 1787

Билим берүү жана илим министрлиги 2024-жылы ЖРТга жүйөөлүү себептер менен тапшырбай калган бүтүрүүчүлөр үчүн тестирлөө 21-23-июнь күндөрү Бишкек жана Ош шаарларында өткөрүлө тургандыгын маалымдайт.

post.title

ЖРТга каттоо же кайра каттоо 11-июндан 19-июнга чейин жүргүзүлөт.

Каттоо даректери:

* Бишкек шаарында –  №24 мектеп-гимназиясы, К.Тыныстанов көчөсү, 110.

* Ош шаарында – Ош шаардык билим берүү башкармалыгы, Ленин көчөсү, 308.

Эскертүү!  Бул жылы ЖРТдан четтетилген абитуриенттер кайра каттала албайт же каттоодон өтө албайт!

Белгилей кетсек, ЖРТнын III этабы:

* Бишкек шаарында – К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде,

* Ош шаарында – Ош мамлекеттик университетинде өткөрүлөт.

Толук маалымат - https://testing.kg/news/kechikkender-chn-zhrtga-kattoo-zhe-kajra-kattoo-11-iyundan-19-iyunga-chejin-zhrgzlt632

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар