МУРАТБЕК КАСЫМАЛИЕВ АКМУЛЛА УНИВЕРСИТЕТИНИН РЕКТОРУ МЕНЕН 2024-ЖЫЛГА ИШ ПЛАНЫН ТАЛКУУЛАДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

12 Июнь 2024 ж. 15:02

Көрүлдү: 1634

11-июнда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев жана Мифтахетдин Акмулла атындагы Башкир мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору Салават Сагитов Казандагы “Келечекти калыптандыруу” форумунун алкагында жолугушту.

post.title

Алар М.Акмулла атындагы БМПУда кыргыз студенттерин окутуу, август айында Уфада III эл аралык билим берүү мектебин жана октябрь айында Ошто кыргыз-орус мугалимдеринин форумун уюштурууну талкуулашты.

Муратбек Касымалиев Салават Сагитовго жемиштүү кызматташтыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин ыраазычылык катын тапшырды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар