КЫРГЫЗСТАНДА АЛГАЧКЫ ЖОЛУ ВАЛИДАЦИЯ ЖАРАЯНЫ ИШКЕ АШЫРЫЛДЫ

Автор: Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр

11 Июнь 2024 ж. 17:14

Көрүлдү: 160

Учурда КРда эмгекке жарамдуу калктын 60% жакыны эч кандай кесиптик билимге ээ эмес экендиги белгилүү. Ушул себептен улам, 2023-жылдын соңунда Министрлер кабинетинин чечими менен Билим берүү жана илим министрлигинин алдында “Сертификация жана валидация” борбору түзүлгөн.

post.title

Борбор баалоо, сертификация өткөрүүдөгү бардык процессти жөнгө гана салып, кызыкдар тараптар (жумуш берүүчүлөр, бизнес ассоциациялар, соода-өнөр жай палатасы, эмгек жана социалдык камсыздоо министрлиги ж.б) менен тыгыз байланышты камсыз кылат.

Ушул жылдын 11-июнунда ОшМУнун индустриалдык-педагогикалык колледжинде алгачкы жолу валидация жараяны өткөрүлдү. Атайын комиссия 8 адамды “Тигүү буюмдарын бычуу жөндөмү менен тикмечи” кесиби боюнча валидациядан өткөрдү.

Иш-чарага Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, борбордун өкүлдөрү, иш берүүчүлөр, көз карандысыз байкоочулар ж.б. катышты.

Өлкөдө же чет жакта иштеп жүргөн жарандар кайсыл-бир кесипти өз алдынча мыкты өздөштүргөнү менен, көпчүлүгүндө кесиптик билим боюнча документтери жок. Айрым учурларда ал жарандар жумушка орношууда же иш ордун которгондо бул нерсе көйгөйлөрдү жаратууда.

Мындан ары, кайсыл-бир көндүмдөрго ээ жарандар (ашпозчу, ширетүүчү,куруучу ж.б.) иш берүүчү, квалификациялуу устаттардан турган комиссияга билген ишин практика жүзүндө көргөзүп берип, тапшырмаларды аткарып, өзү билген кесиптин сертификатын ала алат.

Аталган жараян Билим берүү жана илим министрлигине караган өлкөдөгү 8 Алдыңкы тажрыйба борборунун базасында жүргүзүлөт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар