Автор: Илим жана инновациялар башкармалыгы
25 Январь 2022 ж. 20:26
Көрүлдү: 1138
2022-жылдын 25-январында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Айгүл Абдраева Германиянын эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) “Борбордук Азиядагы экономикалык өнүгүүнүн секторлору үчүн кесиптик билим берүү” долбоорунун жетекчиси Рольф Петер жана И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору Мирлан Чыныбаев менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда алар илимий иштердин долбоорун жүзөгө ашыруу механизмдерин талкуулашты. Министрдин орун басары долбоор боюнча бир катар сунуштарын берди.