КЫРГЫЗ ТИЛИН ОКУТУУДАГЫ ТАЖРЫЙБАЛАР БОЮНЧА РЕСПУБЛИКАЛЫК ФОРУМ ӨТКӨРҮЛДҮ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

7 Июнь 2024 ж. 16:21

Көрүлдү: 890

“Кечээ Билим берүү жана илим министрлиги Marshall Cavendish Education басма үйү менен 1-11-класстар үчүн математика жана табигый илимдер, 6-класстар үчүн англис тили боюнча окуу материалдарын которуу жана адаптациялоо укугун алуу жөнүндө келишимге кол койду. Эгерде мурда окуу китептери англис тилинен орус тилине, андан соң кыргыз тилине которулуп келсе, эми англис тилинен түз кыргыз тилине которулат”, - деп билдирди республикалык форумда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов.

post.title

Эдиль Байсаловдун айтымында, кыргыз тилине болгон талап шарттарды жана ресурстарды түзүү менен бекемделет. 

7-июнда “Кыргыз тилин окутуп-үйрөтүүдөгү жаңы мамилелер жана анын келечеги” республикалык форуму өттү. Форумга мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери, аймактардан чакырылган кыргыз тили жана адабияты  мугалимдери, коомдук уюмдар катышты. 

Билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев: “Мамлекет башчынын колдоосу менен бизде азыр кыргыз тилин окутуудагы алдыңкы ыкмаларды колдонуп, деңгээлди жогорулатууга мүмкүнчүлүк бар. Андыктан бул жаатта кандайдыр бир демилгелер болсо, жалпылап аткарганга даярбыз”, - деди. 

Форумдун жүрүшүндө кыргыз тилин окутуп-үйрөтүүдөгү тажрыйбалар боюнча мастер-класстар жасалып, баяндамалар окулду. 

Белгилей кетсек, республикалык форум Билим берүү жана илим министрлиги, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту менен КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын биргелешкен планын негизинде уюштурулду.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар