ОшМУ ЖАНА КТМУ QS STARS РЕЙТИНГИНДЕ “4 ЖЫЛДЫЗДУУ” УНИВЕРСИТЕТТЕРДИН КАТАРЫНА КИРДИ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

7 Июнь 2024 ж. 16:18

Көрүлдү: 649

Ош мамлекеттик университети жана Кыргыз-Түрк “Манас” университети дүйнөдөгү алдыңкы QS Quacquarelli Symonds уюмунун QS Stars Эл аралык университеттер рейтингинде 4 жылдыз ыйгарылып, “төрт жылдыздуу" университеттердин катарына киргизилди.

post.title

QS Stars комплекстүү баалоонун жыйынтыгында ОшМУ – билим берүү (Teaching ) жана ишке орноштуруу (Employability ),  КТМУ – ишке орноштуруу (Employability ) жана глобалдык катышуу (Global Engagement ) критерийлери боюнча эң жогорку 5 жылдызга ээ болду.  

QS Stars – 8 түрдүү категориядагы 30 көрсөткүчтү колдонуу менен университеттерди баалаган көп өлчөмдүү рейтинг системасы.

ОшМу рейтинг - https://www.topuniversities.com/universities/osh-state-university

КТМУ рейтинг - https://www.topuniversities.com/universities/kyrgyz-turkish-manas-university

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар