8-КЛАССТЫН ОКУУЧУСУ ИНФОРМАТИКА БОЮНЧА АЗИЯ-ТЫНЧ ОКЕАН ОЛИМПИАДАСЫНАН КҮМҮШ МЕДАЛЬ ЖЕҢДИ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

7 Июнь 2024 ж. 15:58

Көрүлдү: 367

“Газпром Кыргызстан” мектебинин 8-классынын окуучусу Ян Бобрус Информатика боюнча XVIII Азия-Тынч океан олимпиадасынан (Asia-Pacific Informatics Olympiad – APIO) күмүш медаль жеңип алды.

post.title

Ян Бобрусту олимпиадага мугалим Медербек Осмонов даярдаган.

2024-жылдын 18-20-майында Кытай эл Республикасы тарабынан өткөзүлгөн бул олимпиадага Азия-Тынч океан  аймагындагы 35 өлкөдөн 286 окуучу катышты. Кыргызстандын 7 окуучудан турган командасы олимпиадага онлайн видео көзөмөл форматында катышты.

Жыйынтыктар – https://apio2024.org/ranking 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар