Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
6 Июнь 2024 ж. 17:31
Көрүлдү: 944
И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, Кыргыз-Россия Славян университети жана Кыргыз-Түрк “Манас” университети QS World University Rankings 2025 тизмесине кирди.
QS (Quacquarelli Symonds) версиясы боюнча дүйнөнүн 1503 университетинен Кыргыз-Россия Славян университети – 851-900, Кыргыз-Түрк “Манас” университети – 901-950, Кыргыз мамлекеттик техникалык университети 1201-1400 орунду эледи.
Өзгөчө макамдагы ЖОЖдордун арасынан И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети жана Кыргыз-Россия Славян университети абройлуу Quacquarelli Symonds рейтингине биринчи жолу кирди.
Бул жылы рейтингинде биринчи орунду –АКШдагы Массачусетс технологиялык институту, экинчини – Лондон императордук колледжи, үчүнчүнү – Оксфорд университети ээледи.
Университеттер төмөндөгү критерийлер боюнча бааланды: