Пресс-анонс

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

5 Июнь 2024 ж. 17:24

Көрүлдү: 636

2023-2024-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрүнө билими жөнүндө аттестаттар жана күбөлүктөр кагаз жана электрондук версияларда даярдалууда

post.title

Билим берүү жана илим министрлиги 6-июнда 2023-2024-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрүнө билими жөнүндө аттестаттарды жана күбөлүктөрдү даярдоо тартиби менен таанышуу үчүн “Учкун” ААК басмаканасына пресс-турга чакырат.

Биринчи жолу Санариптик билим берүү борбору мамлекеттик үлгүдөгү документтердин электрондук версияларын https://attestat.edu.gov.kg дареги боюнча кирүү үчүн даярдап жатат.

Катышуучулар:

*Билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева,

*“Учкун” Ачык акционердик коомунун өндүрүштүк директору Кубат Бейшеев,

* Санариптик билим берүү борборунун директору Бектурган Бабаев.

Убактысы: 2024-жылдын 6-июну, саат 15:00.

Жери: “Учкун” ААК, Бишкек ш., Султан Ибрагимов көчөсү, 24.

Байланыш: Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы Гүлмира Уметалиева, 0554 445 566 / 0312 62 35 91.

 

 

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар