РАСУЛ АБАЗБЕК УУЛУ: “КЫРГЫЗСТАНДА КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕР АР БИР АЙМАКТЫН ӨЗГӨЧӨЛҮГҮНӨ ЖАРАША ТҮЗҮЛГӨН”

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

4 Июнь 2024 ж. 13:57

Көрүлдү: 882

“Бүгүнкү күндө кесиптик лицейлер өлкө рыногу, жарандар муктаж болгон заманбап жумушчу кесиптерге даярдайт. Республикадагы 100 кесиптик лицейде 32 миң 700 окуучу билим алат”, - деп билдирди билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында.

post.title

Министрдин орун басары кесиптик лицейлер – Кыргызстанда бардык аймакты камтыган уникалдуу окуу жайлар системасы болуп саналарын жана алар ар бир аймактын өзгөчөлүгүнө жараша түзүлгөнүн белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан жумуш орундары менен камсыз кылуу боюнча тапшырмалары берилген. Президенттин тапшырмасына ылайык Билим берүү жана илим министрлиги кесиптик лицейлерде кыска мөөнөттүү курстарды уюштурууну колго алган.  Кыска мөөнөттүү курстар тигүүчүлүк, санариптик сабаттуулук, баштапкы компьютердик сабаттуулук, финансылык сабаттуулуктун негиздери, жашыл көндүмдөр, Pyton, санариптик материалдар менен иштөө үчүн программалар, графикалык видео контентти түзүү жана иштетүү технологиясы, коммуникация, ишкердиктин негиздери, лидерлик, базалык компьютердик көндүмдөр, электротехник, 1С бухгалтерия, инвестицияны башкаруу ж.б. багыттар боюнча уюшулган.

 Расул Абазбек уулу кесиптик лицейлер эки чоң маанилүү компонентти камтый тургандыгын айтты.

“Биринчи компонент – 9-11-классты бүтүргөн өспүрүмдөрдү окутуу. Эгерде 2022-жылга чейин 9-классты аяктагандар 3 жыл окуса, кесипке көбүрөөк маани берүү үчүн аны 2 жылга кыскарттык. Министрликтин “Алтын Казык” программасынын алкагында өспүрүм 9-класстан кийин кесиптик лицейге тапшырып, профилдик билим ала алат. Кесиптик лицейлерде окутуу мамлекеттин эсебинен жүргүзүлүп, акысыз тамак-аш жана стипендия каралган.

Экинчи компонент – чоңдорду окутуу жана кайра даярдоо. Жумушсуз адамдар кыска мөөнөттүү курстарга окуп, кесипке ээ боло алышат. Учурда кесиптик лицейлерде 90 жакын 2 айдан 10 айга чейинки кыска мөөнөттүү курстар бар”, - деди Абазбек уулу.

Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлнур Мамырованын айтымында, республикадагы 67 кесиптик лицейде тигүүчүлүк боюнча адистикте 4 миңге жакын окуучу билим алса, тигүүчүлүк боюнча 44 кесиптик лицейдеги кыска мөөнөттүү курстарда 900дөн ашуун угуучу бар.

“Башталгыч кесиптик билим берүү системасы: анын өлкөдөгү кадрларды даярдоодогу жана профилдик билим берүүдөгү орду” басма сөз жыйынына катышкан №99, №18, №3, №97, №17, №93 кесиптик лицейлердин директорлору өздөрү жетектеген окуу жайлардын жумушчу кесиптерге адистерди даярдоо өзгөчөлүктөрү жана алардын түрлөрү, дуалдык окутуу, кыска мөөнөттүү курстар тууралуу айтып беришти.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар