Пресс-анонс

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

3 Июнь 2024 ж. 18:06

Көрүлдү: 541

“Башталгыч кесиптик билим берүү системасы: анын өлкөдөгү кадрларды даярдоодогу жана профилдик билим берүүдөгү орду”

post.title

4-июнда Билим берүү жана илим министрлиги “Кабар” маалымат агенттигинде “Башталгыч кесиптик билим берүү системасы: анын өлкөдөгү кадрларды даярдоодогу жана профилдик билим берүүдөгү орду” темасында басма сөз жыйынын өткөрөт.

Башталгыч кесиптик билим берүү системасы  99 окуу жайы кирет, алардын ичинен кесиптик лицейлер - 92, түзөтүү мекемелериндеги кесиптик окуу жайлары - 6, ошондой эле Токмок индустриалдык педагогикалык колледжи.

Аймактар боюнча: Бишкек шаарында – 16, Чүй облусу – 19, Ысык-Көл облусу – 8, Нарын облусу – 6, Талас облусу – 6, Жалал-Абад облусу – 19, Ош облусу – 14, Баткен облусу – 11.

Бүтүрүүчүлөрдүн жалпы санынын ичинен окууну аяктагандан кийинки биринчи жылы 66% ишке орношот, 11% республиканын чегинен тышкары ишке кетишет, 8% орто жана жогорку окуу жайларында окуусун улантышат, 3% армияда кызмат өтөйт.

Катышуучулар:

- Абазбек уулу Расул, КР Билим берүү жана илим министринин орун басары;

- Мамырова Гульнур Джекшебаевна, Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы;

- Абдыкапаров Максат Артисбекович, эксперт;

- Урумкалиева Ч.Ч., № 99 кесиптик лицейинин директору;

- Орунтаев Т., №18 кесиптик лицейинин директору;

- Белялов Ш., №3 кесиптик лицейинин директору;

- Абдыкалыкова Р., №17 кесиптик лицейинин директору;

- Колопов А., №97 кесиптик лицейинин директору;

- Серекова А.К., №93 кесиптик лицейинин директору.

Убактысы: 2024-жылдын 4-июну, саат 11:00.

Жери: «Кабар»маалымат агенттиги, Бишкек ш., Ж.Абдрахманов көчөсү, 175.

Байланыш: Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы Гульмира Уметалиева 0554 445 566 / 0312 62 35 91.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар