9-11-КЛАССТЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮНӨ ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ МАМЛЕКЕТТИК АТТЕСТАЦИЯ БАШТАЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

3 Июнь 2024 ж. 11:37

Көрүлдү: 1007

Бүгүн, 3-июнда өлкө мектептеринде 9-11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация башталды.

post.title

Тагыраагы, 9-класстарга – алгебрадан (жазуу түрүндө комплекстүү тест), 11-класстарга – эне тили жана адабиятынан (эссе) өткөрүлүүдө.

Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация окутуу кыргыз, орус, ɵзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн жалпы билим берүү уюмдарынын 9-11-классынын бүтүрүүчүлөрү үчүн 4 предмет боюнча 3-июндан 15-июнга чейин жүргүзүлөт.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев Аламүдүн районундагы №1 орто мектебинде жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациянын жүрүшүнө катышып келди.

Ошондой эле кесиптик билим берүү уюмдарынын окуучуларына 2022-2023-окуу жылы үчүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация жүрүүдө. Кесиптик билим берүү уюмдарындагы экзамендер быйыл үчүнчү жыл министрликтин башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы тарабынан Zoom аркылуу он-лайн көзөмөлдөнүүдө.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар