НООКЕН РАЙОНУНДА 17 КЫСКА МӨӨНӨТТҮҮ БАЛА БАКЧА АЧЫЛДЫ

Автор: Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгы

1 Июнь 2024 ж. 10:16

Көрүлдү: 652

Билим берүү жана илим министрлигинин балдарды бакчага камтууну 40% жеткирүү максатында жана Кыргыз Республикасынын Улуттук өнүктүрүү программасынын алкагында камтууну эки эсеге көбөйтүү иштери жүргүзүлүп баштады.

post.title

Бүгүнкү күндө Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда  17 ( 3 сааттык) кыска мөөнөттүү балдар бакчалары ачылды.

Бакчалардын ачылыш аземи жер-жерлерде бир убакта онлайн режиминде өттү. Жалпысынан 1094 бала бакчага камтылып, жумуш орундары түзүлдү жана балдарды бакчага камтуу көрсөткүчү жогорулады.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар