МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА: “БАЛДАР – ӨЛКӨНҮН, АР ҮЙДҮН БАЙЛЫГЫ”

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

1 Июнь 2024 ж. 9:40

Көрүлдү: 1080

Урматтуу жаш достор, кымбаттуу бөбөктөр!

post.title

Силерди 1-Июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктайм!
 
Ар бир балабыз бактылуу болсун!
Ар бир балабыз көңүл чордонунда чоңойсун!
 
Биздин өлкөнүн, ар бир үйдүн байлыгы бул – балдар! Биз бала бакчадан жана мектептен ар бириңерди көргүбүз келет.
 
Урматтуу ата-энелер, кадырлуу коомчулук!
 
Балдардын билими, ден соолугу жана көңүлү үчүн биргеликте кам көрүүгө чакырам!
 
Балдарыбыздын дени сак, келечеги кең, асманы ачык болуп, таттуу кыялдары орундалсын!
 
Терең урматтоо менен,
Билим берүү жана илим министри
Догдуркүл Кендирбаева.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар