БЕКЖАН СУПАНАЛИЕВ МАЛАЙЗИЯДА ГЛОБАЛДЫК ФОРУМГА КАТЫШТЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

30 Май 2024 ж. 18:38

Көрүлдү: 1077

28-29-майда Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Бекжан Супаналиев Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүм башчысы Муратбек Азымбакиев баштаган өкмөттүк делегациясынын курамында Куала-Лумпур шаарында өткөн (Малайзия) Ислам экономикасынын жана каржысынын Глобалдык форумуна катышты.

post.title

Глобалдык форумдун алкагында Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим, ошондой эле Малайзиянын финансы министрлигинин, туризм, искусство жана маданият министрлигинин жетекчилери менен жолугушуу өттү.

Сапардын жүрүшүндө кыргыз-малайзия кызматташтыгынын келечеги жана эки өлкөнүн өз ара аракеттенүү потенциалын ишке ашыруу, анын ичинде билим берүү тармагындагы өнөктөштүк талкууланды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар