МИНИСТРДИН ОРУН БАСАРЫ ПАКИСТАНДЫН ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИНИН КОШУМЧА КАТЧЫСЫ МЕНЕН КЫЗМАТТАШТЫКТЫ ТАЛКУУЛАДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

30 Май 2024 ж. 18:30

Көрүлдү: 306

2024-жылдын 30-майында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу Пакистан Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин кошумча катчысы Мухаммад Салим жетектеген делегация менен жолугушту.

post.title

Жолугушууда Расул Абазбек уулу Кыргыз Республикасынын билим берүү системасы тууралуу маалымат берип, 18-майда Бишкекте болгон окуяларга тиешеси барлар жоопко тартылып, учурда абал туруктуу экенин билдирди.

Мухаммад Салим кыргыз өкмөтүнүн ыкчам реакциясы жана чечкиндүү кадамдары эки өлкөнүн достук мамилелеринин жогорку деңгээлин билдирерин айтып, кызматташтыкты мындан да жогорку деңгээлге жеткирүүгө Пакистан тараптын кызыкдарлыгын белгиледи. Ошондой эле ал Пакистан тараптын кыргыз жаштарына робото-техника, атомдук  медицина, маалыматтык технологиялар жаатында билим берүү максаты бар экенин жана бул мүмкүнчүлүктү караштырып көрүүнү сунуш кылды.

Расул Абазбек уулу Пакистан Республикасынын бул жааттардагы жетишкендиктерин белгилеп, биргеликте иштешүүнү колдой тургандыгын айтты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар