КМТУда АДИСТЕР ДҮЙНӨНҮ ТҮШҮНҮҮГӨ ГЕОМЕЙКИНДИКТИК МАМИЛЕЛЕРДИ ТАЛКУУЛООДО

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

30 Май 2024 ж. 17:49

Көрүлдү: 245

30-майда Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу “Борбордук Азиядагы геомаалыматтык системалар” / GISCA’24 аталышындагы XVIII эл аралык конференциянын ачылыш аземине катышты.

post.title

И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өтүп жаткан конференцияда Борбордук Азия, Австрия, Армения, Бельгия, Кытай жана Россиядан 80ден ашуун катышуучу өзгөрүлүп жаткан дүйнөнү түшүнүүгө геомейкиндиктик мамилелерди, 
билим берүүнүн геомаалыматтык системаларынын жаңы багыттарын талкуулашат.

Конференция КМТУнун Австрия-Борборазиялык геомаалыматтык илимдер борбору тарабынан DEvision “Digitally connecting real and virtual environments” (Реалдуу жана виртуалдык чөйрөнүн санариптик байланышы) долбоорунун алкагында Евразия-Тынч океан университеттер тармагынын (UNINET) жана Зальцбург университетинин колдоосу менен уюштурулган. 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар