МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА ОшМПУнун ЖАҢЫ ОКУУ КОРПУСУ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

30 Май 2024 ж. 17:37

Көрүлдү: 575

30-майда Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин жаңы окуу корпусунун материалдык-техникалык базасы жана студенттер үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр менен таанышты.

post.title

Ошондой эле заманбап техникалык каражаттардын жана инновациялык программалардын жардамы менен өтүлгөн жаш окутуучулардын сабактарына, студенттердин чыгармачылык, ишкердик жаатындагы эмгектерине күбө болду.

Догдуркүл Кендирбаева университеттин профессордук-окутуучулук курамы менен жолугушуп, “Алтын казык” билим берүүнү трансформациялоо программасынын багыттары жөнүндө айтып берди.

Министр 12 жылдык билим берүү моделин ишке ашыруу менен билим берүү тармагындагы көйгөйлүү маселелер жолго коюуларын айтып, педагогикалык багыттагы жогорку окуу жайларга атайын жүктөмдөр берилерин белгиледи.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар