КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК ТЕХНИКАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНДЕ “ТАИЛАНД КҮНДӨРҮ” ӨТКӨРҮЛДҮ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

30 Май 2024 ж. 15:50

Көрүлдү: 144

30-майда И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде “Таиланд күндөрү” иш-чарасы өттү.

post.title

Иш-чарага Таиланд Королдугунун Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Чатчаван Сакорнсин, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу жана КМТУнун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө “Таиланд менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечеги” аталышында академиялык семинар өткөрүлдү.

Ошондой эле эки өлкө ортосундагы кызматташтык, анын ичинде билим берүү системасындагы кызматташуулар талкууланды.

Белгилей кетсек, иш-чара И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети менен Казакстан Республикасындагы Таиланд Королдугунун элчилиги менен биргеликте уюштурулду. 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар