МИНИСТРЛИКТИН АЛДЫНДАГЫ УЛУТТУК АККРЕДИТАЦИЯЛЫК КЕҢЕШТИН КЕЗЕКТЕГИ ЖЫЙЫНЫ ӨТТҮ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

29 Май 2024 ж. 17:04

Көрүлдү: 282

28-майда Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Улуттук аккредитациялык кеңештин кезектеги жыйынында “Билим сапатын камсыздандыруу боюнча көз карандысыз агенттиги (IQAA)” мамлекеттик эмес мекемесин жана “Казакстандын көз карандысыз аккредитация борбору” коммерциялык эмес мекемесин Кыргыз Республикасынын аймагында аккредитациялык агенттик катары таануу маселеси каралды.

post.title

Жыйынга Жогорку Кеңештин депутаты, Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымынын орун басары Айбек Маткеримов, Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов жана Улуттук аккредитациялык кеңештин мүчөлөрү катышты.

Кезектеги жыйында *Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын 24-беренесин аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-майындагы №246 “Билим берүү чөйрөсүндөгү аккредитациялоо боюнча ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык министрлик тарабынан бир катар иш-чараларды өткөрүү керектиги жана Улуттук аккредитациялык кеңешти жаңы курамда кайра түзүү тапшырмалары берилди.

Ошондой эле ушул жылдын 1-августуна чейин таанылган бардык аккредитациялык агенттиктерге төмөндөгү документтерди кайрадан иштеп чыгып, бекитүүсү тапшырылды.

- аккредитациялануучу уюмдун өзүн-өзү баалоо жүргүзүү боюнча документ;

- агенттик тарабынан тышкы баалоо жүргүзүү боюнча документ;

- агенттиктин Аккредитациялык кеңеши жөнүндө документ;

- агенттик тарабынан кабыл алынган чечимдерге даттанууну кароо тартибин;

- агенттиктин ишине ички мониторинг жүргүзүүнүн тартибин;

- билим берүү деңгээлдерине жараша аккредитациялоо стандарттарын, жол-жоболорун жана эрежелерин;

- аккредитациялоо боюнча документтердин формаларын;

- аккредитациялоо жөнүндө сертификаттардын бланктарынын формаларын, аларды даярдоо жана дубликатын берүү тартибин.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар