ӨЗГӨЧӨ МАКАМДАГЫ ЭКИ УНИВЕРСИТЕТТИН СТАРТАП-ДОЛБООРЛОРУ ЭЛ АРАЛЫК ПРОГРАММАНЫН КИЙИНКИ БАСКЫЧЫНА КАТЫШАТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

29 Май 2024 ж. 15:47

Көрүлдү: 1177

29-майда Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Hult International Prize эл аралык программасынын кийинки баскычына катыша турган "Энактас Кыргызстан" программасынын командалары менен жолугушту.

post.title

Тагыраагы, эл аралык программанын кийинки баскычына Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин “Көчмөндөр бакчасы – Nomad Garden” долбоору, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин “Таза бол – Be Clean” жана “Eco Pakhta – Эко Пахта” долбоорлору жолдомо алган.

Министр Догдуркүл Кендирбаева командаларды жетишкендиги менен куттуктап, умтулуу болгон жерде чоң ийгиликтер жаралат деп белгиледи.

Ошондой эле жолугушууга Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Төлөбек Абдырахманов, “Энактас Кыргызстан” уюмунун аткаруучу директору Гульбарчын Суюнова катышты.

Эл аралык программага быйыл дүйнө жүзү боюнча 10 миңден ашуун стартап-долбоорлор катышууга арыз берип, анын ичинен 400гө жакын долбоор кийинки баскычка өткөн.

Борбордук Азиядан кийинки этапка Кыргыз Республикасынан 3 долбоор өтүп, Бостон (АКШ), Монтеррей (Мексика) жана Лиссабон (Португалия) шаарларында өтүүчү оффлайн саммитке катышуу мүмкүнчүлүгүн алышты.

Эгерде Кыргыз Республикасынын командалары оффлайн саммит катышып, акселерация программасын ийгиликтүү аяктаса, октябрь айында Лондондо өтө турган финалга өтүүгө мүмкүнчүлүк алат.

Программанын финалист-командасына 1 000 000 миллион доллар өлчөмүндө байге берилет.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар