БАЛА БАКЧАЛАРДЫН ДИРЕКТОРЛОРУ КОНКУРСТУК НЕГИЗДЕ ДАЙЫНДАЛАТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

29 Май 2024 ж. 15:24

Көрүлдү: 1123

Билим берүү жана илим министрлиги мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандап алууну өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Жобонун долбоорун даярдады.

post.title

“Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилери конкурстук негизде дайындалат.

Министрлер Кабинетинин Жобону бекитүү жөнүндө Токтому күчүнө кирген күндөн тартып мектепке чейинки билим берүү уюмдарында жалпысынан 5 жана андан көп жыл иштеген жетекчилер ээлеген кызмат ордунан бошотулду деп эсептелет.

Бош кызмат орундарына директорлорду конкурстук тандоо жүргүзүлөт.

 

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар