МАМЛЕКЕТ БАЛА БАКЧАЛАРДЫ КУРУУ ЖАНА ОҢДОО ҮЧҮН ЖЕҢИЛДЕТИЛГЕН НАСЫЯЛАРДЫ КОЛДОЙТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

28 Май 2024 ж. 13:55

Көрүлдү: 2092

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы № 415 “Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүүнү мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” 2024-жылдын 12-апрелиндеги №176 Токтому күчүнө кирди.

post.title

Токтомго ылайык долбоордун жаңы редакциясы бекитилди. Эми долбоордо каржылоо булактары катары Кыргыз Республикасынын 2024-2025 жана андан кийинки жылдарга республикалык бюджети, “РСК Банк”, “Айыл Банк”, “Керемет Банк” ачык акционердик коомдорунун каражаттары көрсөтүлгөн.

Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү –2024-жылдын январынан тартып 60 ай.

Насыялар ишкердик субъекттерине жана жеке жактарга берилет:

Кредиттин суммасы жана мөөнөтү:

1) 60 айлык мөөнөткө мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттарын курууга 70,0 млн сомго чейинки суммада;

2) 60 айлык мөөнөткө капиталдык оңдоого/реконструкциялоого (негизги каражаттарды эске алуу менен) 50,0 млн сомго чейинки суммада;

3) 36 айлык мөөнөткө негизги каражаттарын сатып алууга жана жаңылоого 10,0 млн сомго чейинки суммада.

Белгиленген пайыздык ставка - 10%.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы №415 токтому менен Кыргыз Республикасынын аймактарында мектепке чейинки билим берүү уюмдарын куруу үчүн участоктордун тизмеси 2-тиркемеге https://cbd.minjust.gov.kg/160380/edition/8374/kg?anchor=pr2  ылайык бекитилген.

Шилтемелер:  

2023-жылдын 14-августундагы № 415 Токтомдун тексти - https://cbd.minjust.gov.kg/160380/edition/1275780/kg?anchor=pr1

2024-жылдын 12-апрелиндеги №176 Токтомдун тексти -  https://erkin-too.kg/wp-content/uploads/2024/04/19_04_compressed.pdf

Долбоордун жаңы редакциясынын тексти ( Тиркеме 1) - файл

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар