ЛИРА САМЫКБАЕВА БИРИНЧИ МАЙ ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮ ОРТО МЕКТЕБИНДЕ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРДҮ КУТТУКТАДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

25 Май 2024 ж. 13:43

Көрүлдү: 1313

25-майда Билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева Чүй облусунун Москва районундагы Биринчи май жалпы билим берүү орто мектебиндеги “Акыркы коңгуроо” салтанатында бүтүрүүчүлөрдү куттуктады.

post.title

“Мугалимдерди, бүтүрүүчүлөрдү жана алардын ата-энелерин бүгүнкү маанилүү күнү менен куттуктайм. Бүтүрүүчүлөрдү алдыда кызыктуу, окуяларга бай жаңы жашоо күтөт. Бирок мектеп жылдары эч качан унутулбайт деп ойлойм, анткени бул өзгөчө мезгил. Мектептен алган билимиңер силерге ийгиликтерди алып келишин каалайм”, - деди министрдин орун басары.

Аталган орто мектепте быйыл 9-классты 124 окуучу, 11-классты 46 бүтүрүүчү аяктоодо.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар