Автор: Маалыматтык саясат сектору
25 Май 2024 ж. 12:33
Көрүлдү: 1558
25-майда Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу Бишкек шаарындагы №18 кесиптик лицейинде “Акыркы коңгуроо” иш-чарасына катышып, бүтүрүүчүлөрдү куттуктады.
Министрдин орун басары кесиптик билимге ээ болуу бүгүнкү күндө артыкчылыктуу экенин айтып, бүтүрүүчүлөргө ак жол каалады.

2023-2024-окуу жылында №18 кесиптик лицейинде 337 бүтүрүүчү бар. Салтанатта алдынкы бүтүрүүчүлөргө грамоталар менен сыйланышты.