КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУ ЭЛ АРАЛЫК СЫНАКТЫН СУПЕРФИНАЛЫНА ЧЫКТЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

24 Май 2024 ж. 12:09

Көрүлдү: 351

Кыргыз Республикасынын окуучусу Айтурган Рысбекова “Живая классика” жаш окурмандар Эл аралык сынагынын суперфиналына өттү.

post.title

Суперфиналга Кыргызстан, Беларусь, Америка Кошмо Штаттары, Түркменистан жана Нидерландиядан 5 окуучу өткөн. Сынактын суперфиналы 2024-жылдын 8-июнунда Москва шаарында өтөт.

Эл аралык сынактын финалына Кыргыз Республикасындагы Улуттук баскычтын төмөндөгү жеңүүчүлөрү катышты:

– Санира Мурзабекова, Бишкек шаарындагы №12 мектеп-гимназиясынын 10-классынын окучусу;

– Бегимай Адылбекова, Бишкек шаарындагы №24 мектеп-гимназиясынын 9-классынын окучусу;

– Айтурган Рысбекова, Бакай-Ата районунун Дооронбек Дүйшебаев атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу;

– Узар Ишенов, Жети-Өгүз районунун Бейшенбек Укуев атындагы орто мектебинин 5-классынын окуучусу.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар