КОЛЛЕДЖДЕРДИН ОКУТУУЧУЛАРЫ САНАРИПТИК АСПАПТАРДЫ КОЛДОНУУНУ ӨЗДӨШТҮРҮҮДӨ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

22 Май 2024 ж. 15:43

Көрүлдү: 385

22-23-майда Билим берүү жана илим министрлигинин "Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр" долбоорунун алкагында Алдыңкы тажрыйба борборлорунун жыйырмадан ашык окутуучулары тренингде окутуунун санариптик аспаптарды колдонууну өздөштүрүп жатышат.

post.title

"Билим берүүдөгү технологиялар: заманбап инструменттер жана усулдар" темасындагы тренинг катышуучуларга Learning Apps, Quizlet, Kahoot, Google Classroom, Google Site тиркемелерин, интерактивдүү такта жана жасалма интеллекттин негизги функцияларын үйрөтүп, окутууда колдонуусуна багытталган.

Тренингде Алдыңкы тажрыйба борборлорунун бири Ош индустриалдык-педагогикалык колледжинин окутуучусу Самар Мамаев окутуп жатат.

Айта кетсек, «Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр» долбоорунун алкагында 8 колледждин базасында Алдыңкы тажрыйба борборлор түзүлүп, алардын окутуучулары аймагындагы колледждер жана кесиптик лицейлердин кызматкерлерине семинар уюштурууда.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар