“АРТЫКЧЫЛЫК МЕНЕН” АТТЕСТАТЫН 149 БҮТҮРҮҮЧҮ АЛАТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

22 Май 2024 ж. 11:11

Көрүлдү: 1681

Билим берүү жана илим министрлиги 2023-2024-окуу жылындагы “Алтын тамга” жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияcынын (ЖМА) жыйынтыгы менен орто жалпы билими тууралуу артыкчылык аттестатын алуу укугун 149 бүтүрүүчү тастыктагандыгын маалымдайт.

post.title

Шаар, облустар боюнча:

  • Бишкек шаарынан – 68 окуучу,
  • Чүй облусунан – 20 окуучу,
  • Ош облусунан – 17 окуучу,
  • Жалал-Абад облусунан – 9 окуучу,
  • Баткен облусунан – 9 окуучу,
  • Талас облусунан – 8 окуучу,
  • Ысык-Көл облусунан – 6 окуучу,
  • Нарын облусунан – 6 окуучу,
  • Ош шаарынан – 6 окуучу.

Тастыктагандардын тизмеси – файл (pdf)

Тест жүргүзүү 14-майда республика боюнча 36 пунктта өткөрүлүп, ага 2211 окуучу катышты. Талапкерлер Алтын тамга” ЖМАны 4 милдеттүү окуу сабагы боюнча тапшырышты: математика, эне тили жана адабияты, Кыргызстандын тарыхы жана химия .

Белгилей кетсек, “Алтын тамга” тестинин жыйынтыгы боюнча 17-19-майда апелляция жүргүзүлүп, 181 кайрылуу түштү.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар