ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА АЗЕРБАЙЖАН, ГРУЗИЯ ЖАНА САУД АРАВИЯНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ МИНИСТРЛЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

21 Май 2024 ж. 17:52

Көрүлдү: 526

20-майда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Лондондо XX Бүткүл дүйнөлүк билим берүү форумунун жүрүшүндө Азербайжан Республикасынын илим жана билим берүү министри Эмин Амруллаев, Грузиянын билим берүү жана илим министри Георгий Амилахвари жана Сауд Аравия Королдугунун билим берүү министри Юсеф бин Абдулла Аль-Беньян менен жолугушту.

post.title

Догдуркүл Кендирбаева Кыргыз Республикасында мектептик билим берүүнү реформалоо, 12 жылдык окутууга өтүү, эл аралык стандарттарды киргизүү жөнүндө айтып берди.

Министр Эмин Амруллаев менен жолугушууда Президент Садыр Жапаровдун 2024-жылдын апрелиндеги Азербайжанга болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыктары жана Кыргыз Республикасынын аймактагы тынчтыкты калыбына келтирүүгө кошкон салымы катары Агдам районунда мектеп куруу чечими тууралуу сөз болду.

Министрлер Догдуркүл Кендирбаева жана Георгий Амилахвари билим берүү процессине жаңы технологияларды киргизүү боюнча тажрыйба алмашып, мектеп жана жогорку билим берүү тармагында кызматташууну өнүктүрүүнү талкуулашты.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында министр Юсеф бин Абдулла Аль-Беньян Сауд Аравиянын жогорку окуу жайларында биздин өлкө үчүн зарыл болгон адистиктер, анын ичинде санариптештирүү, урбанистика, инженердик технологиялар боюнча окутуу үчүн квота берүүгө даяр экендигин билдирди.

Белгилей кетсек, форумга 114 өлкөдөн 120 министр катышууда.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар