КЫРГЫЗ ДЕЛЕГАЦИЯСЫ ӨЗБЕКСТАНДЫН МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ ТАЖРЫЙБАСЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

20 Май 2024 ж. 17:03

Көрүлдү: 916

14-17-май күндөрү Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин кеңешчиси Надира Жусупбекова баштаган кыргыз делегациясы Өзбекстан Республикасынын мектепке чейинки билим берүү системасы менен таанышты.

post.title

Сапардын жүрүшүндө кыргыз делегациясы Өзбекстандын мектепке чейинки жана мектепте билим берүү тармагында мамлекеттик жеке өнөктөштүк, бала бакчалардын көп түрдүүлүгү, ваучердик каржылоо, санариптештирүү, IT-технологиялар, электрондук журналдар жана күндөлүктөр, балдарга арналган санариптик платформаларды колдонуу боюнча бир катар эксперименттерди изилдеп, талкуулашты.

Ошондой эле мектепке чейинки билим берүү уюмдарына жеңилдетилген кредиттерди берүү механизмдери, бала бакчалардын жана мектептердин ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасы, мектеп окуучуларынын билим берүү жыйынтыктарын баалоо, мектепте билим берүү тармагында STEM ыкмаларын колдонуу процесстери талдоого алынды.

Мындан сырткары делегация Өзбекстан Республикасынын борборунда жайгашкан №100 мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жана министрликтин системасына караштуу Мехрли мектеп мамлекеттик билим берүү мекемесинин ишмердүүлүгү менен таанышты.

Жолугушууда аталган жерлерде жүргүзүлүп жаткан окуу процесстери, тармактагы өзгөрүүлөр тууралуу сөз болду. Жолугушууга Өзбекстан Республикасынын Мектепке чейинки жана мектептик билим берүү министринин биринчи орун басары Агриппина Шин жана кеңешчиси Улугбек Тошкенбоев катышты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар