ЭДИЛ БАЙСАЛОВ ПАКИСТАНДАН КЕЛГЕН СТУДЕНТТЕРДИН ЖАТАКАНАСЫНА БАРДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

20 Май 2024 ж. 15:01

Көрүлдү: 695

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 18-майга караган түнү болуп өткөн окуяга байланыштуу Кыргызстан эл аралык университетинин Медицина факультетинин жатаканасына барды. Ошондой эле, Пакистандын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Хасан Али Зайгам жана Эл аралык университеттин президенти, Улуттук илимдер академиясынын академиги Асылбек Айдаралиев да болду.

post.title

Эдил Байсалов чогулган чет элдик студенттерге жана мугалимдерге айрым бейбаштар тарабынан жасалган иштер үчүн кечирим сураган сөздөр менен кайрылды.

“Кээ бир жеке адамдардын бул аракеттери биздин меймандостук маданиятка жана салтка эч кандай тиешеси жок. Элибиз эзелтеден бери алыстан келген конокторго өзгөчө урмат-сый, камкордук менен мамиле кылып келген. Биз аларды “мусапыр” деп атайбыз. Урду тилинде да ушундай сөз бар экенин билем жана бул биздин элдерибиздин жакындыгынын көрсөткүчү. Биздин өлкөдө чет өлкөлүк студенттерге зор тилектештик менен мамиле кылынат, алар элдердин ортосундагы достукту бекемдөө үчүн көпүрө болуп саналат. Албетте социалдык тармактарда көптөгөн жалган маалыматтар бар экенин түшүнөбүз. Сиздердин ата-энеңиздер, жакындарыңыздар Кыргызстанда жашоо коопсуз экенин билиши керек, сиздердин бакубат жашооңуздар үчүн толук жоопкерчилик бийликте. Бир түндө болгон окуялар элибиздин сиздерге болгон мамилесин чагылдырбайт. Укук коргоо органдары окуянын бардык жагдайларын тыкыр иликтөөдө жана күнөөлүүлөрдүн баарын сөзсүз жоопко тартат”, - деди ал.

Ошондой эле МинКаб Төрагасынын орун басары чет элдик студенттерди кызыктырган суроолорго жооп берип, жатакананын бөлмөлөрүн көрүп чыкты.

https://www.gov.kg/ky/post/s/24224-minkab-toragasynyn-orun-basary-edil-baisalov-pakistandan-kelgen-studentterdin-zatakanasyna-bardy

https://www.gov.kg/ru/post/s/24224-minkab-toragasynyn-orun-basary-edil-baisalov-pakistandan-kelgen-studentterdin-zatakanasyna-bardy

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар