Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
17 Май 2024 ж. 18:12
Көрүлдү: 653
Билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев Япониянын илим жана технология агенттиги тарабынан уюштурулган “Сакура 2024” программасы боюнча Токио шаарына бара турган окуучулар жана алардын ата-энелери менен жолугушту.
Жолугушууда Муратбек Касымалиев билим алуунун, чет тилдерин үйрөнүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, сапардан жаңы билим, идея, шыктануулар менен келишиңерди каалайм деди.
18-майда Токио шаарына кете турган 5 окуучу “Алтын түйүн” Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын аймактардагы филиалдарынын окуучулары:
Токиого балдарды коштоп министрликтин мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Салтанат Омурканова барат. Министрдин орун басары чет жерде балдардын коопсуздугуна көңүл бурууну тапшырды.