БЕКЖАН СУПАНАЛИЕВ “РОССИЯ - ИСЛАМ ДҮЙНӨСҮ: KAZANFORUM” XV ЭЛ АРАЛЫК ЭКОНОМИКАЛЫК ФОРУМУНА КАТЫШТЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

17 Май 2024 ж. 17:49

Көрүлдү: 918

17-майда билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Бекжан Супаналиев Татарстанда “Россия - Ислам дүйнөсү: KazanForum” XV Эл аралык экономикалык форумунун алкагында “Россия -Кыргызстан” тегерек столунун ишине катышты.

post.title

Тегерек столдун катышуучулары Кыргызстан менен Россиянын өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуу практикасын, байланыштарын бекемдөөнү талкуулашты.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев башында турган делегация 14-19-май күндөрү соода-экономикалык, илимий-техникалык, социалдык жана маданий байланыштарды бекемдөө максатында өткөрүлүп жаткан Россия - Ислам дүйнөсү: KazanForumXV Эл аралык экономикалык форумуна катышууда.  Иш-чарага 85 өлкөдөн 15 миңден ашуун адам катышууда.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар