AYUSH СТИПЕНДИЯЛЫК ПРОГРАММАСЫНА ӨТҮНМӨЛӨР КАБЫЛ АЛЫНАТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

17 Май 2024 ж. 15:37

Көрүлдү: 939

Билим берүү жана илим министрлиги Индиянын Маданий байланыштар кеңеши 2024-2025-окуу жылына карата бакалавриат, магистратура жана докторантурага программалары боюнча окуу үчүн (IndianCouncil for Cultural Relations) AYUSH стипендиялык программасына кабыл алууну баштагандыгын маалымдайт.

post.title

Стипендиялык программа Индиянын элдик медицина системаларын аюрвед, йога, унани, сиддх жана гомеопатия (Ayurveda, Yoga, Unani, Siddha, Homeopathy) сыяктуу багыттары боюнча окутууга арналган.

Программа катышуу үчүн колдонмону окуу керек https://a2ascholarships.iccr.gov.in/assets/site/docs/Policy_Guidelines.pdf  жана 31-майга чейин онлайн арыз жиберүү керек.

Тандалган талапкерлерге стипендия берилип, авибилети төлөнөт.

Индиянын университеттери жөнүндө жана окуу порталына катталуу тууралуу толук маалыматты http://a2ascholarships.iccr.gov.in сайтынан таба аласыз.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар