МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА ЖАРАНДАРДЫН СУНУШ ЖАНА МАСЕЛЕЛЕРИН УКТУ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

16 Май 2024 ж. 17:05

Көрүлдү: 901

Бүгүн, 16-майда Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева “Коомдук кабылдама” аркылуу жазылган жарандарды кабыл алды.

post.title

Жарандар бала бакчалардын абалы, инклюзивдик билим берүү, балдар үчүн автордук китептерди сунуштоо, этникалык кыргыздар үчүн ЖОЖдорго квоталар жана аккредитация маселелери боюнча кайрылышты.

Министр маселелердин тиешелүүлүгүнө жараша түзүмдүк бөлүктөргө тапшырма берип, бардык кайрылуулар жана сунуштар мыйзам чегинде каралып, айрым маселелер жеринде текшерилип, чечимдер кабыл алынарын билдирди.

Белгилей кетсек, министр ар жуманын бейшемби күндөрү саат 14:00дөн 16:00гө чейин жарандарды кабыл алат. Коомдук кабылдаманын телефону: +996(312) 62-05-19

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар