МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА ТИКАнын ПРЕЗИДЕНТИНЕ ЫРААЗЫЧЫЛЫК КАТ ТАПШЫРДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

16 Май 2024 ж. 17:02

Көрүлдү: 770

16-майда Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде CeseriLab лабораторияларынын салтанаттуу ачылыш аземинде Түрк кызматташтык жана координация агенттиги башкармалыгынын (ТИКА) Президенти Серкан Каяларга кыргыз-түрк кызматташтыгынын өнүгүшүнө, CeseriLab лабораториясынын түзүлүшүнө жана эки элдин достук мамилесинин чыңдалышына кошкон салымы үчүн министрликтин ыраазычылык катын тапшырды.

post.title

Ошондой эле салтанаттуу аземге ТИКАнын  Кыргыз Республикасындагы координатору Мехмет Бодур жана Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору Мирлан Чыныбаев катышты.

КМТУда CezeriLab лабораториясы дүйнөдө он сегизинчи болуп саналат. Cezeri Lab лабораториясы Түрк кызматташтык жана координация агенттиги башкармалыгынын колдоосу менен ачылды. 2023-жылдын ноябрь айында TИKA КМТУнун технология багытындагы кафедралардын окутуучулары жана студенттери үчүн CeseriLab лабораториясынын окуу семинарларын жана тренингдерин уюштурган.

CezeriLab лабораториясы бул – 3D моделдөө технологияларын колдонуу менен  окутуунун, долбоорлоонун жана изилдөө жүргүзүүнүн сапатын жогорулатуу аянтчасы.  Санариптик моделдөө жана мехатроника лабораториясы робототехниканын негиздөөчүсү катары таанылган математик, инженер Исмаил аль-Жазаринин атынан аталган.

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар