ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА МАЛАЙЗИЯНЫН ЖОГОРКУ БИЛИМ БЕРҮҮ МИНИСТРИ МЕНЕН ЖОЛУКТУ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

15 Май 2024 ж. 18:42

Көрүлдү: 719

15-майда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Малайзия Королдугунун Жогорку билим берүү министри Замбри Абдул Кадир менен жолугушуу өткөрдү.

post.title

Жолугушуу Малайзиянын Премьер-министри Анвар Ибрагимдин Кыргыз Республикасына болгон иш сапарынын алкагында "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп, анда Кыргыз Республикасы менен Малайзия Королдугунун ортосундагы билим берүү тармагындагы кызматташтыкты бекемдөөнүн багыттары талкууланды.

Догдуркүл Кендирбаева өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы артыкчылыктуу деп эсептелген багыттар тууралуу айтып берип, бул жааттагы кызматташтыкты өнүктүрүү максатында эки өлкө ортосунда макулдашууга кол коюу сунушун киргизди. Өз кезегинде Малайзия Королдугунун Жогорку билим берүү министри Замбри Абдул Кадир бул сунушту колдоп, кыргыз тарап жиберген макулдашуунун долбоорун белгиленген тартипте карап чыгып, кол коюуга даяр экенин билдирди.

Андан сырткары жолугушууда студенттерди алмашуу программаларын, Кыргызстандан барган студенттердин жогорку билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, мамлекеттик кызматкерлерге англис тилин үйрөтүү үчүн курстарды ишке ашыруу, Малайзиянын белиглүү жогорку окуу жайларынын филиалын ачуу аркылуу жогорку окуу жайларынын арасындагы кызматташтыкты бекемдөө темалары талкууланды.

Билим берүү жана илим министри Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан демилгеленген “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясы тууралуу айтып, таланттуу жаштарды колдоо максатында бул программа аркылуу Малайзиянын алдыңкы жогорку окуу жайларында окутуу мүмкүнчүлүгүн караштырып көрүүнү сунуш кылды. Бул сунушту Малайзия Королдугунун Жогорку билим берүү министри Замбри Абдул Кадир кубаттап, ишке ашыруунун үстүндө иш алып барууга даяр экендигин айтты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар