Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
15 Май 2024 ж. 16:06
Көрүлдү: 514
15-майда билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев SPRIX эл аралык билим берүү компаниясынын өкүлү Хомма Юсуке менен Кыргыз Республикасында башталгыч класстын окуучулары үчүн математика жана программалоо боюнча санариптик билим берүү жана тестирлөө кызматтарын колдонуу маселесин талкуулады.
Хомма Юсуке 44 өлкөдө жана Япониянын муниципалитеттеринин 10%дан ашыгы билимди баалоо, натыйжаларды талдоо жана натыйжалуу окутууну пландаштыруу үчүн колдонулган TOFAS онлайн тесттери жөнүндө маалымат берди.
Тараптар Билим берүү жана илим министрлиги менен SPRIX Inc. компаниясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.