КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕР КЫТАЙЛЫК ӨНӨКТӨШТӨР МЕНЕН КЫЗМАТТАШТЫКТЫ БЕКЕМДӨӨДӨ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

14 Май 2024 ж. 17:46

Көрүлдү: 356

11-майда Бишкекте кесиптик билим берүү боюнча VIII эл аралык “Бир алкак, бир жол” форумунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу №99 маалыматтык технологиялар кесиптик лицейинин жана И.Касендеев атындагы №91 кесиптик лицейинин өкүлдөрү кытайдын окуу жайлары менен кызматташуу боюнча келишимдерге кол коюшту.

post.title

№99 кесиптик лицейдин окуучулары 1-сентябрдан баштап Кыргыз Республикасындагы Конфуций институтунун курстарында кытай тилин үйрөнө алышат.

№91 кесиптик лицейдин жана Шэньси кесиптик-техникалык колледжинин өкүлдөрү кытай ашканасынын ашпозчуларын даярдоо мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Шэньси кесиптик-техникалык колледжинин коноктору окуу жайдын материалдык-техникалык базасы менен таанышышты.

 

№99 кесиптик лицейинин Яньань кесиптик-техникалык колледжи жана “Чжунчжи Түндүк Чжиян (Пекин) билим берүү технологиялары” компаниясы менен  келишими жаңы энергия булактары менен иштеген унааларга байланыштуу багыттар боюнча квалификацияны жогорулатууга, Шэньси кесиптик-техникалык колледжи

менен макулдашуу – маалыматтык технологиялар жана электрондук коммерция чөйрөсүндө, Кытайдын Ганьсу мал чарба инженердик технологиялары институту менен келишим – заманбап айыл чарба жабдууларын колдонууга байланыштуу багыт боюнча кызмматташууга мүмкүндүк берет,

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар